super.kg logo

"Ишеним" партиясы: "Ар бир жаңы конушка 50 миллион эмес, 500 миллион сом бөлүнүшү керек"

 

Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштардын көйгөйү 30 жылдан бери айтылып эле келе жатат. Бирок көзгө көрүнгөн олуттуу чоң жылыш боло элек. Себебин сурагандарга, шаардык бийлик «каражат жок» деген кыска жообун айтып келишет. Акча жок эмес, бул жерде адилеттүүлүк жок!

Бишкек шаары бүтүндөй өлкөбүздү багып жаткан эң ири экономикалык, өндүрүш борбору. Мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көбү борбор шаарыбыздагы мекеме, ишканалар, орто жана чакан бизнес төккөн салыктын эсебинен толукталып турат.

2021-жылга карата Бишкек шаарынын бюджети 10 миллиард сомдон ашык сумма менен бекитилиптир. Бишкек шаардык бийлиги ошол 10 миллиарддын 50 миллион сомун жаңы конуштардын өнүгүүсүнө деп бөлгөн. Бишкек шаарынын айланасында 57 жаңы конуш бар экенин эске алсак, ар биринин өнүгүүсү үчүн бир жылга шаардык бийлик 877 000 сомдон бериптир.

Мына, Бишкек шаардык бийлигинин жаңы конуштарга болгон мамилеси. Бишкектин жаңы конуштарынын жашоочулары 30 жылдан бери мектеп, бала бакчага жетпей, жолу жок баткак кечип, электр жарыгы жок карайлап келгенинин башкы себеби ушул. Сөздүн ачыгы буга чейинки шаар жетекчилиги жаңы конуштардын жашоочуларын экинчи сорттогу катмар катары көрүп, текеберчилик менен мамиле кылып келишти. А чын-чынына келгенде Бишкекти багып жаткан, экономикасын алдыга сүрөп жаткан дал ушул жаңы конуштун тургундары эмеспи. Болжолдуу эсептер боюнча бүгүн жаңы конуштарда 500 миңден ашык адам жашайт. Бишкек шаарындагы бардык тейлөө кызматтарын ошолор кылышат. Базарда, курулушта иштегендердин бардыгы жаңы конуш тургундары. Алардын төккөн салыгы - шаардык бюджеттин негизги бөлүгү. Эмнегедир, шаардык бийликке электр энергиясына, сууга, таштандыга ай сайын калтырбай төккөн төлөмдөрү жагат, бирок алардын социалдык көйгөйлөрүн таптакыр уккулары келишпейт. Мындай болбойт! Жаңы конуштарга болгон муниципалдык саясатты түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Качанкыга чейин аларды жээрип, теңсинбей мурдуңарды чүйрүйсүңөр?

Алар Бишкек шаарынын толук кандуу жашоочулары. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү шаардыктар сыяктуу эле жаңы конуштарда да таза суу, ысык суу, газ, канализация болушу керек. Көчөлөрү чаң, баткак эмес, жалтыраган асфальт болушу керек. Балдары жаңы конуштун ичиндеги мектептерге, бала бакчаларга барышы керек. Сейилдегенге заманбап эс алуу парктары болушу керек.

«Ишеним» партиясынын негизги курамын жаңы конуштарда жашаган, ал жактагы бардык көйгөйлөрдү ичинен билген мыкты адистер түзөт. «Ишеним» партиясы шаардык кеңеште дал ушул көйгөйлөрдү көтөрүп, Бишкек шаарынын эле эмес, жаңы конуштардын да өнүгүүсү үчүн жан үрөйт. Шаардык бюджетти адилеттүү бөлүштүрүп, жыл сайын ар бир конушка 50 миллион эмес, 500 миллион сомдон бөлдүрткөнгө жетишет. Мына ошондо жаңы конуштарда чыныгы өзгөрүүлөр көзгө көрүнүп, өнүгүү башталат.

№7 - «Ишеним» партиясы адилеттүүлүктү туу туткан, элдин көйгөйүн башкы орунга койгон чыныгы профессионалдардын партиясы!

Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна тарабынан төлөндү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
02.04.2021. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Булар алдап көнүп алган да элди
02.04.2021. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир тал китлаб 500млн.бу?
02.04.2021. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
1-апрелге карата жакшы алдоо болуптур
02.04.2021. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бюджетте жок эле акчаны айта бербегилечи
02.04.2021. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кулакты тубунон эле кесишет го буларын.
02.04.2021. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жок нерсени айта берип булар токтотподу же ушуларга ишенген Эл безилдеп эле калды кудай сакта алдап лапша илмей
03.04.2021. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Деп шайлоо буткончо Элди кулакка тебесинер анан?
03.04.2021. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уялгылачы кичине,силерди коруп биз эл учлчы болдук
03.04.2021. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудайды карабай калпты урдурушкан го ...
03.04.2021. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булардын аятканынан мнение бетим кызарып, шапкемди ылдый басып басып кеттим.
04.04.2021. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
500 швейные цехов по районам и областным центрам болуптур го бул жагы
04.04.2021. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жомокчулар партиясы.
04.04.2021. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми оңолот экенбиз эчкимдин ойуна келбегенди айтып жатышат акылдуулар чогулуптур ушу партияга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: