Кыргыз-Азербайжан тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүштү
2-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде саясий байланыштар графигин, ошондой эле жогорку жана эң жогорку денгээлдерде өз ара иш сапарларды толугу менен талкуулашты. Тараптар жакынкы аралыкта видеобайланыш форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлиндеги биринчи министрликтер аралык консультацияларды уюштуруу жолу менен эки тышкы саясий ведомствонун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнү макулдашышты.
Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, атап айтканда, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен өнүктүрүүгө ниеттерин ырасташты. Кыргыз мамлекети менен Азербайжандын достук сейил багынын жана Бишкек шаарындагы Г.Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин учурдагы абалына өзгөчө көңүл бурулду, алардын курулушу Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына боло турган расмий иш сапарына чейин аяктоо пландаштырылган.
Ошондой эле негизги эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча, өзгөчө Түрк кеңешинин линиясы боюнча пикир алмашуу болду.
