Салык кызматы январь-март айларында 21 миллиард 743 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту
Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 21 миллиард 743 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгиленген план 106,5 пайызга аткарылды же 1 миллиард 320 миллион сомго ашыгы менен жыйналды.
2020-жылдын 3 айына салыштырмалуу салыктар 4 миллиард 658 миллион сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 127,3 пайызды түздү.
Ошол эле учурда республикалык бюджетке 17 миллиард 100 миллион сом салык жыйналды, план 104,4 пайызга аткарылды же 717 миллионн сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3 миллиард 901 миллион сомго өстү .
Жергиликтүү бюджетке 4 миллиард 643 миллион сом салык түштү, план 114,9 пайызга аткарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.