super.kg logo

ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүнө байланыштуу Эне жана баланы коргоо борборунда 4 кызматкер убактылуу кызматтан кетти

 

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүнө байланыштуу Эне жана баланы коргоо борборунда 4 кызматкер убактылуу кызматтан кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн башчысы жана медайым.

"Азыр кызматтык иликтөө жүргүзүү башталганынан улам ал аяктаганга чейин кызматкерлер иштен кетип турушат. Андан кийин гана аларга чара көрүлөт", - дешти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 1-апрелге караган түнү балдар ооруканасына бейтап кайрылып, жандандыруу бөлүмүндө жатып антибиотик алгандан кийин көз жумганын "Кактус" маалымат каражаты жазып чыккан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун билдирген.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: