2020-жылы балдар катышкан 354 жол кырсыгы катталып, 412 жаш бала ар кандай жаракаттарды алышкан




Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаардык прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын жыйынтыгы менен балдар катышкан 354 жол кырсыгы катталып, 412 жаш бала ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу жаш балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 39 пайызга азайган.
Милициянын кайгуул кызматкерлери шаардык прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын төрт районундагы №38, №25 жана №10 жалпы билим берүүчү орто мектептерге барып, алгачкы класстын окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүштү.
Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле окуучулар үчүн даярдалган видео роликтер көрсөтүлүп, жол эрежелерин сактоо боюнча эскертме журналдар таратылды.
