super.kg logo

Ысык-Көлдө облустун милиция башчысы авто мектептердин өкүлдөрү менен кезикти

 

Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси Канат Жумагазиев аймактын авто мектептеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мындай жолугушууну өткөрүүгө курсанттарды жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чараларга тартуу менен аталган фактыларга жол бербөө боюнча иштерди күчөтүү негиз болду.

"Турмуш көрсөткөндөй, унааны айдоо тажрыйбасы тажрыйба менен топтолот. Ошондуктан рейддик иш-чараларга жол коопсуздугун көзөмөлдөө тескөөчүлөрүнүн кызматына авто мектептердин курсанттарын тартуу зарылчылыгы жөнүндө сунуш менен кайрылып жатабыз. Анткени жумушка мындай биргелешкен мамиле менен биз курсанттарга жол эрежелери боюнча билимин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Ошол эле учурда айдоочулар менен жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнүн, облусубуздагы жол эрежелеринин бузуу фактыларын жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча бирдиктүү аракеттенүүсүн күчөтүүгө жетише алабыз", - деп белгиледи Жумагазиев.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: