super.kg logo

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ички иштер министрлери жолугушту

 

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков жана Ерлан Тургумбаев жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, көп багыттарды камтыган суроолор боюнча ой бөлүшүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ИИМдин башчылары бирдиктүү күч-аракеттерди координациялоо жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, ыкчам, криминалистикалык, укуктук маалыматтар менен бөлүшүү боюнча ички иштер органдарынын ишин күчөтүү керектигин билдиришти.

Өткөн жылы жана ушул жылдын үч ай ичинде кылмыш жасоого тиешеси бар 35 адам Казакстандан аныкталган. Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү милиция кызматкерлери издөө жарыялаган 17 шектүүнү кармашкан. Министр Ерлан Тургумбаев жакында Алматыда жүргүзүлгөн бирдиктүү атайын операциянын натыйжасында, унааларга байланышкан бир нече алдамчылыкка тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: