super.kg logo

Ош ОИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтосун Боркошов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

 

66 жаш курагында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Токтосун Боркошов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтосун Боркошов өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук коопсуздукту сактоого арнаган.

1981-2006-жылдар аралыгында ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Ошол кездеги коммунисттик партиянын жолдомосу менен ички иштер органдарынын катарына кызматка алынган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеӊеши Токтосун Боркошовдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: