super.kg logo

Кара-Суудагы массалык уулануу: Бир бейтаптын абалы оор бойдон калууда

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда массалык уулануу болуп, анын кесепетинен 2 аял каза болсо, дагы 11 адам ооруканадан дарыланып чыккан. Ал эми бир бейтап оор абалда жатканы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси тарабынан белгилүү болгон.

Бүгүнкү күндө бейтаптын абалы дагы деле оор бойдон калууда.

"Бейтап учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу бирок оор", - деп билдирет аталган жетекчиликтен.

Окуянын чоо-жайы:
6-мартта жергиликтүү тургун 60 жылдык юбилейин белгилеп, кечеден кийин коноктордо уулануунун белгилери байкалган. Алар алгач өз алдынча дарыланып, 9-мартта абалдары оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан. Уулануунун кесепетинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза болушкан.

Мындан тышкары юбилейге барган 15 киши жашаган аймагы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө экени кабарланган.

Бул окуя боюнча эпидемиологиялык териштирүү башталып, ууланууну аныктоо үчүн "Ассорти" салатынан бир банка, абрикос, алча, айва компотун, туздалган бадыраң, абрикос кыямын алып, лабораторияга жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: