super.kg logo

Белгилүү журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаева каза болду

 

Кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады. Белгилүү журналист жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаркын Темирбаева 3-апрель күнү 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаркын Темирбаева 1955-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган.

Журналисттик эмгек жолун Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Жаркын Темирбаева 1990-жылдардан тарта “Азаттык” радиосунда эмгектенип, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптанган.

Темирбаеванын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана "Азаттыктын" ардагери Азамат Алтай менен маектери сыяктуу "Азаттык" обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары эл эсинде калды.

Кийинчерээк Темирбаева "Зындан" аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу тарыхий эскерүүлөрдү жазган. "Жаныбек казы", "Ай ыйлаган түн" чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон.
Чебер калемгердин эмгеги жогору бааланып, 2010-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган.

2013-жылы "Азамат Алтай" эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган.
Чыгаан журналист жана жазуучу Жаркын Темирбаеванын жаркын элеси элибиздин эсинде бекем сакталат. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.04.2021. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаркын эженин арты кайырлуу болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: