super.kg logo

Ирандын 2 провинциясында коронавирустун 4-толкуну башталганы айтылды

 

Ирандын 2 провинциясында коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Роухани массалык маалымат каражаттарына билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Тилекке каршы, эки провинцияда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Эгерде санитардык талаптарды аткарбасак, башка аймактарда да башталуусу толук мүмкүн", - деген өлкө башчсы.

Илдеттин 4-толкуну кайсы провинцияларда башталганы толук айтылган эмес. Акыркы убактарда Иранда коронавирус жуктуруп алгандардын саны көп болуп, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган маал. 1-апрель күнү 11 миңден ашуун адамдан илдет аныкталган. Акыркы жолу мындай жогорку көрсөткүч декабрь айында катталгандыгы айтылган. Расмий статистикага ылайык, Иранда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1 миллион 908 миң 974 адамды түздү. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 62 миң 876. Бул илдеттен сакайып чыккандардын саны 1 миллион 633 миң 946 адамды түздү.

Иран өлкөсүндө ушул жылдын 9-февралында калкты коронавируска каршы эмдөө башталган. Анда орусиялык Спутник V вакцинасы колдонулуп баштаган. Ошондой эле 28-февралда кытайлык Sinopharm вакцинасы келген. Ал эми ата мекендик өндүрүштөгү вакцинаны апрель айында колдонуу пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: