super.kg logo

ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов ээлеген кызматынан бошотулду

 

ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ордуна Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 4-апрель күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиевди тааныштырды. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.

Нурбек Абдиев 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөйт.

Ички иштер органдарындагы кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган.

Кызмат өтөө учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги болуп иштеген.

Ар кандай жетектөөчүлүк кызмат орундарында дагы иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.04.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орун алмашса сумма озгорбойт
04.04.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kamchatka, же балким бироолордун чонтогундогу сумма озгоруп атат
04.04.2021. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бири кетип бири келип кино бутпойтко дагы
04.04.2021. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Түшүнүп - түшүнбөй эле ар кайсыны жаза бербегилечи! Ар касы жака мурдуңарды тыга бербегилечи !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: