Жалал-Абад шаарында веложүрүш өттү







Бүгүн, 4-апрелде Жалал-Абад шаарында "Ден соолук" деп аталган веложүрүш өтүп, 100дөн ашуун адам катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жүрүш Барпы театрынын алдынан башталып, калаадагы 10 көчөдөн өтүштү. Ден соолукту чыңдоо багытында өткөрүлгөн иш-чаранын катышуучуларын "Тез жардам" жана жол кайгуул кызматы коштоп жүрдү.
Шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев да веложүрүшкө чыкты. Коопсуздук боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды дени сак жашоо образына чакырды.
Эскерте кетсек, веложүрүш мэриянын колдоосу менен Славян диаспорасы жана "Jalal-Abad cycling club" тарабынан ишке ашырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.