super.kg logo

Президент Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды

 
Президент Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрүндө иш сапары менен Баткен жана Ош облустарында болду.
Баткен облусунда мамлекет башчысы Бужум аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук-2021» жана «Калыптандыруу Түштүк-2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.
Андан соң Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын биринчи мамычасынын пайдубалына капсула салды. Ошондой эле Баткен шаарында жайгашкан өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта ишканаларды куруу долбоору менен таанышты.
Иш сапарынын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров кичи жана чоң Памир аймактарынан Ош облусунун Алай районуна көчүп келген афган кыргыздары менен жолугушту.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: