Жарым миллиард Фейсбук колдонуучунун жеке маалыматтары ачыкка чыгып кетти. Арасында Марк Цукербергдики да бар
Хакер форумдарынын биринде 533 миллиондон ашык Фейсбук колдонуучуларынын аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы, телефон номерлери жана башка жеке маалыматтары жарыяланган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, форумга маалыматтары жарыялангандар 106 мамлекеттин жарандары болгон. Арасында Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин да маалыматтары бар.
"Жеке маалыматтарды камтыган мындай көлөмдөгү маалымат базасы хакерлерге башка иш-аракеттерди кылуусуна жол ачат", - деп айтышкан киперкоопсуздук адистери.
Буга чейин массалык маалымат каражаттары бир нече жолу Фейсбуктан ири көлөмдөгү маалыматтар чыгып кеткендигин жазып чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:17
2025-07-11

15:27
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Chungyz

05.04.2021. 11:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин коопсуз шаар долбоордогу штраф карыздардын баарын жок кылып койбопсунар бир жолу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.