super.kg logo

"Камчыке, дагы кайсы жерде ушинтип билбей сүйлөп жатасыз?". Камчыбек Ташиевдин чек ара боюнча "балп" эткен сөзү талкууда (видео)

 

Социалдык тармактарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин "ошол жерден булар бизден 100 гектар жер сурады. Мен башында билбей эле 100 гектар деп коюпмун, кийин анан балдар "100 гектар берсек болбой калат, себеби ал жерде чек ара заставабыз, жолубуз бар, 50 гектар берсек жетишет деп айтышты", - деп айтканын чагылдырган видео тарап жатат.

Интернет айдыңында азыркы тапта бул видеодо айтылган кептер кызуу талкууланууда.

Алмаз Темирбек аттуу жаран бул айтылган кептерге төмөнкүдөй ой-пикирин билдирген.

"Бул кейпи менен канча жерди билбей эле берип салды болду экен. Эң өкүнүчтүүсү Кемпир-Абад, Орто-Токой суу сактагычтарын кармата берди. Суу – келечек. Эртең Өзбекстан суу ресурстарыбызга ээлик кылып, берилип кеткен суу сактагычтарыбызды чычкан өткүс кылып тосот. Өз суубузга өзүбүз ээ болбой, шорубуз катат...", - деген колдонуучу.

Ал эми журналист Шайырбек Абдрахман да буга реакциясын билдирип, Ташиевдин айтканын таң калуу менен кабыл алганын жазып чыкты.

"Камчыбек Ташиев 100 гектар жерди билбей эле ала бергиле дептирмин, кийин ошол жердеги кызматкерлер ал жерде биздин застава бар, жол бар, 50 эле гектар жер бериңиз дегенинен 50 гектар жер бердик деп сүйлөгөн видеосу таркап жатат.

Эгер ал кишинин ушул айткан сөздөрү монтаж эмес, чын болсо, анда өтө осол иш деп эсептейм. Бир жерге сүйлөшүүгө бараткан адам даярданып ийне-жибине чейин эсептеп барат да. Анын үстүнө өлкөбүздүн аймагы, ата-бабалардан калган жер боюнча такташуу "балп" этип коюп эле келе бергидей иш эмес го.

Чынын айтсам, Камчыбек мырзанын билбей 100 гектарга макул болуп, ала бергиле дептирмин деген сөзү мени өтө түйшөлтүп, бизди башкарып жаткан бийликтеги адамдардын адекваттуулугу жөнүндө түрдүү ойлорго батырып жатат.

Эгер бул сөздүн эки жагын иликтеп, ага филологиялык жана психологиялык анализ жүргүзө турган болсок, мындай суроо же тагыраак айтканда, суроолор пайда болот. Камчыке, дагы кайсы жерде ушинтип билбей сүйлөп жатасыз? Сиз дагы канча жерди ушинтип билбей эле ала бергиле деп алдыңыз? Сиздер алдыда дагы канча жолу билбей сүйлөп таштайсыздар? Дагы суроолор көп эми, бирок азырынча ушуну менен тынайын", - деп жазды.

Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйынында Өзбекстандагы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, "чек ара маселеси 100 пайыз" чечилгенин билдирген.

"Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди. Өтө оор маселелерди карадык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Билесиздер, анын үстүндөгү суунун 95 пайызы өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Мен жалпылап айтып жатам, жети жүз канча дагы гектар. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыркы күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы 105 гектар жер биз тарапка жазылды.

Ала-Букадагы Баястан тилкесинен 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул тилкелер Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү.

Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргыз өлкөсүнө өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык", - деген Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.04.2021. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ойлонуп чечуучу нерсе.Чындап эле тактап,коруп, билип анан кенешип чечилуучу нерсе бул.Кыргыздын тарыхы,келечеги чечилип жаткандан кийин аз эле убакытта чечилип калуусу кумон санатат экен.
05.04.2021. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир нерсеге тушунбоймун, Орто Токой чек арадан 5-10км ичкериде да. Демек дагы бир анклав пайда болобу эми? Же ошол аймакты толук бердиби? Орто Токойдун ылдый жагында Сарча, Баястан деген керемет айылдар бар, чектеш жерлерде. Аларчы? Ал жердеги элдерчи???
05.04.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевтин шашмалыгы эч калбады да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: