super.kg logo

Таттуу суусундуктар балдардын эс-тутумун начарлатат

 

Таттуу кошулган суусундуктар балдардын эс-тутумун жана окуу жөндөмүн начарлатат. Мындай тыянакка АКШнын Жоржия жана Түштүк Калифорния университеттеринин илимпоздору изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин келишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, эксперттер чычкандарга бир катар эксперименттерди жүргүзүп, кичине кезинен тарта сууну шекер менен ичкен кемирүүчүлөрдүн эс-тутумунда көйгөйлөр көп кездешерин аныкташкан.

Мындан тышкары, таттуу суусундуктардын көптүгүнөн жаныбарларда ичеги-карын бактерияларынын курамы өзгөрүлүп, бул өз кезегинде алардын мээсинин иштешине терс таасирин тийгизген.

Келечекте илимпоздор адамдар таттуу суусундуктардан баш тартса ден соолугу жакшырабы же мурдагы абалында эле калабы деген суроолорго жооп издешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: