super.kg logo

Анастасия Заворотнюктун жакындары ага экинчи өмүр берген дарыгерлерге ыраазычылык айтышты

 

Теле алып баруучу жана актриса Анастасия Заворотнюктун жакындары ага экинчи өмүр берген дарыгерлерге ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу актрисанын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.

Маалыматка ылайык, актриса 3-апрелде 50 жылдык мааракесин белгиледи.

"Кечээ баарыбыз үчүн абдан маанилүү күн болду. Анастасия көптөгөн куттуктоолорду, каалоолорду жана жөнөкөй гүлдөрдүн деңизин алды. Баардыгына ушул майрам үчүн, сүйүүңөр, жылуу мамилеңер үчүн, укмуштуу колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз! Булар зор күч менен алдыга жылууга жардам берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Актрисанын жакындары чыныгы кереметтерди жасаган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, Заворотнюкка "экинчи өмүр" тартуулашканы үчүн медициналык кызматкерлерди алкоого алышкан.

"Баарыңыздарга жана жакындарыңыздарга чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз! Бардык жакшылыктар жашооңузда орундалсын. Биз бир кереметке ишенебиз жана биз менен бирге ишенгениңизге чексиз кубанычтабыз. Жашоо биздин жалпы тиленүүлөрүбүз менен уланат", - деген жакындары.

Белгилей кетсек, актрисанын оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын август айында белгилүү болгон. Айрым маалымат каражаттары ал баш мээнин шишиги менен жабыркап жатканын жазышкан. Бирок буга Заворотнюктун туугандары эч кандай комментарий беришпей, кийин алар актриса дарыланып жаткандыгын маалымдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: