super.kg logo

Германияда COVID-19 илдетине каршы эмделген жарандар шоппинг кылууга жана саякаттоого артыкчылык алышат

 
Германияда COVID-19 илдетине каршы эмделген жарандар шоппинг кылууга жана саякаттоого артыкчылык алышат. Бул тууралуу Германиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Германияда коронавирустун үчүнчү толкуну аяктагандан кийин эмдөөдөн өткөн жарандар саякаттоо жана соода кылуу артыкчылыктарынан пайдалана алышат. Адистердин айтымында, эмдөөдөн 15 күн өткөндөн кийин оорунун белгилери жоголуп COVID-19га каршы тест тапшырган жарандарга караганда илдетти жуктурган адамдардын саны азаят.
Учурда Германиянын аймагында карантин киргизилген. Ошол эле учурда мектептер, бала бакчалар, чач-тарачтар, сулуулук салондору, гүл жана китеп дүкөндөрү ачылган. Ал жакка коронавируска каршы тест тапшырганда гана барууга болот.
Март айында Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдөгү карантин 18-апрелге чейин узартылганын жарыялаган. Өзүн изоляциялоо режими Пасха мезгилинде 1-апрелден 5-апрелге чейин дагы күчөтүү пландаштырылган. Пасха майрамына арналган диний жолугушуулар онлайн режиминде өткөрүлөт.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: