Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоо 9-апрелде аяктайт

Анын айтымына караганда, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн каттоо жүрүүдө.
"ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында 26-февралда башталган. Ушул аптанын аягында, атап айтканда, 9-апрелде каттоо аяктайт", - деп билдирди Чинара Батракеева.
ЖРТга каттоо үчүн керектүү документтер:
1. Паспорт (паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
3. Талапка ылайык келген электрондук сүрөт (түстүү, ачык фондо, кыйшайбай түз туруп түшүү зарыл);
4. Орто билим жөнүндө аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү).
Талапка ылайык документтер толук же туура болбосо каттоодон өтө албай калышы мүмкүн. Тест 2021-жылы 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча бардыгы болуп 120га жакын тест борбору уюштурулат.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы ЖОЖдорго абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу 110 балл болсо, ал эми келишимдик негизде ( контракт) 105 балл каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.