super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ооруканадагы бардык төлөмдөр касса аркылуу ишке ашат" дешти тийиштүү мекемеден

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал ооруканада медицина кызматкерлери кабыл алуу, уколго деп акча алышарын айтып кайрылган.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Ноокен райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Айчүрөк Досумбетовага байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бизде кошумча төлөмдөрдүн баалары 2015-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аркылуу бекитилген прейскуранттын (товардын баасын көрсөтүүчү документ) негизинде жүргүзүлөт. Бардык төлөмдөр касса аркылуу ишке ашат. Бирок кечээги учур боюнча кайсы бөлүмдө болгону жазылбаганы себептүү бүгүн бардык бөлүм башчы менен чогулуш өткөрүп, бул маселе талкууланды. Бардык дарыгерлерге эскертүү берилди. Кайсы бөлүмдө болгону такталса, ал бөлүм башчыга административдик чара көрүлөт", - деди Досумбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: