super.kg logo

"Бешинчи каналдын" кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчыларына кайрылуу жасашты

 
"Бешинчи каналдын" кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчыларына кайрылуу жасашты.
Маалыматка ылайык, кайрылуу акыркы айларда өзүбүздүн конституциялык укуктарыбыз бузулгандыктан акыйкаттык издеп, сиздерге кайрылууга аргасыз болуп отурабыз деп башталат.
"Бизге буга чейин жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп келген. Бирок ал акча кызматкерлердин эмгек акысы үчүн бир жылга толук жетпей, калганы кошумча булактардан жабылчу. Быйыл жыл башында өкмөт тараптан бир жылга бөлүнгөн акчаны үнөмдөп жеткирүү менен оптимизация жасоо талабы коюлган. Ошол кездеги жетекчибиз Эрнис Кыязов коллективге бул үчүн штаттык кыскартууга баруу же бардык кызматкерлердин айлыгынан 10-20 пайыз кыскартууну сунуштап, жалпы жамаат эч кимди кетирбей эле эмгек акыдан кыскартууга макул болгон. Бул долбоор даярдалып, тиешелүү тараптарга сунушталып жаткан учурда жетекчибиз алмашып кетип, Эрнис Кыязовдун ордуна Рахат Сулайманов башкы директорлукка дайындалды. Бирок жаңы келген жетекчибиз коллектив менен макулдашпай, эч кимге жарыялабай туруп, оптимизация долбоорун бекитип салганын, көпчүлүк кызматкерлер айлыгы алгач айтылгандан көп суммага кыскарып кеткенин маяна алганда гана билип отурат.
Муну менен эле токтоп калбай Рахат Сулайманов кайра экинчи жолу оптимизация жасап, айлыктар дагы кыскарат. Андан бир канча кызматкердин маянасы 30-40 пайызга азайып кеткен. Эки кыскартуу тең кызматкерлерге суммасын айтпай кол койдуруп алуу менен жасалган. Бул жерде биздин конституциялык укугубуз жана Эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулган. Мындан сырткары бул иште “өзүм билемдик”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген кылмыш беренелеринин элементтери бар деп эсептейбиз. Ошол эле учурда айлык азайганына байланыштуу 7-8 кызматкер жумуштан кеткен", - деп жазылат кайрылуу.
"Ошол эле учурда коллективдин ичинде ага сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасоо менен кылдан кыйкым издеп, улам бирине түшүнүк кат жаздырууга өттү. Кызматкерлерди “өз” жана “бөтөн” деп бөлүү менен тандалма жасалган мындай репрессивдик кадамдар жамаатта жагымсыз атмосфера жаратып, ички интриганы күчөтүүдө.
Ушундай жагдайлардан улам биз “Бешинчи каналдын” жамааты Рахат Сулаймановдун редакциялык жана кадрдык саясатына каршыбыз. Бизге кызматкерлерин кодулап, түшүнүк кат жаздыргандан ырахат алган, курсагы тойгон жерде кабаттап ыраазычылык кат тапшырып жүрө берген жетекчи эмес, жаңыча ой жүгүрткөн, заманбап медианы түшүнгөн, жамаат менен эсептешип иш кылган, кызматкерлердин кызыкчылыгын коргогон, иш билги, прогрессивдүү көз караштагы жетекчи керек", - деп жазылат кайрылууда.
Бирок бул кайрылуу боюнча каналдын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирүү тарата элек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.04.2021. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык тармакта ушул система, сын айтсаң эле мамайдын көрүнө түртүшөт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: