super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-апрелде Корея Республикасынын улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.
Парламенттер аралык, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун аспектилери талкууланды.
Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну жаңы баскычка көтөрүү зарылдыгы бар экендигин белгилеп, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге саламын жолдоду.
Президент «Борбор Азия-Корея Республикасы» кызматташтык форумуна чоң маани берерин жана анын алкагында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети үчүн да, Түштүк Корея үчүн дагы келечектүү болгон өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун чоң потенциалы бар экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн Өкмөттөрүнө бул багытта тыгыз кызматташуга чакырып, тараптардын биргелешкен аракеттери менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишенимин билдирди.
Ошондой эле мамлекет башчысы учурда Кыргыз өлкөсүндө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
"Бул максатта биз өлкөдө саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анын ичинде чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө, ачык экономикага, либералдык соодага, валюта режимине жана ыңгайлуу салык базасына багытталган өзгөрүүлөр бар", - деди Садыр Жапаров деди.
Мамлекет башчысы шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль тармагы, өнөр жай, транспорт чөйрөлөрү, туристтик объектилерди, аэропортторду куруу жана башка маанилүү тармактардагы кызматташтыкты арттыруу максатында кореялык ишкерлердин Кыргыз өлкөсүндө болушуна кызыкдар экендигин билдирди.
Садыр Жапаров кореялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына дагы көбүрөөк инвестиция салууга чакырып, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду (EDCF) аркылуу кореялык тараптан көрсөтүлгөн каржылык-техникалык колдоону жогору баалады.
Президент билим берүү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын студенттери үчүн стипендиялык билим берүү программаларынын квоталарын көбөйтүүнү студенттер жана окутуучулар менен алмашуу программаларын ишке ашырууну карап көрүүнү өтүндү.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок корей тарап ар тараптуу кызматташууга жана Кыргыз өлкөсүнүн алдыга карай өнүгүүсүнө активдүү катышууну каалаарын жана ага даярдыгын баса белгиледи.
Ал корей тараптын Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү ниети бар экенин билдирди. Анткени эки өлкөнүн маданият чөйрөсү сыяктуу орток кызыкчылыктары бар.
Төрага кыргыз тараптын билим берүү жана курулуш жаатында кызматташуу боюнча көтөргөн демилгелерин кубаттап, алардын эки тараптуу алакаларды кеңейтүүдөгү ролу зор экенин белгиледи.
Ал коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам токтоп турган башка чөйрөлөрдөгү кызматташууларды да тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.
"Илдет менен күрөшүүдө сизге ийгилик каалайм. Биз мындан ары да бул багытта кызматташууга даярбыз. Кыргызстан бизди кызматташуу жаатында кызыктырат. Жаратылышы бай жана туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Биз өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярбыз", - деп белгиледи төрага Пак Бён Сок.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров Түштүк Корея менен мындан ары да ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын жана ачык экенин билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.04.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар бизге коп келе бербейт эки олкого безвизовый режим кылып коюшса ото чон сооп болот эле
06.04.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул корея менен тыгыз байланыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: