super.kg logo

Талант Мамытов Корея Республикасынын парламентинин төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту

 
Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу алгач тар курамда өтүп, андан соң делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңири форматта уланды. Тараптар эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулап, анын ичинен соода-экономикалык байланышты чыңдоо, Кореянын эл аралык кызматташтык уюмунун алкагында алакаларды кеңейтүү жана мамилелерди мындан ары да жигердүү улантуу тууралуу баарлашты.

Жолугушууда Кыргыз өлкөсү менен Түштүк Кореянын ортосундагы байланыштардын жогорку деңгээлде экени белгиленди. Талант Мамытов төрага Пак Бён Сок баштаган парламенттик делегациясынын бул иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы алакасын арттырууга зор салым кошот деген ишеничте экенин билдирди.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш Корея Республикасынын улуттук жыйыны менен түзүлгөн байланышка артыкчылыктуу маани берерин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин жана комиссиялардын деңгээлинде өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Муну менен катар Талант Мамытов Жогорку Кеңеште Түштүк Корея менен кызматташуу боюнча депутаттардын достук тобу бар экенин маалымдап, парламенттик алакаларды кеңейтүү багытында ушундай эле достук тобун Кореянын Улуттук жыйынында да уюштуруу менен тармактык комитеттердин жана комиссиялардын байланышы үчүн пайдубал түзүүнү сунуштады.

Жолугушууда соода-экономикалык байланыштар да талкууга алынып, товар алмашуунун деңгээлинин төмөндүгүнө карабай бул жаатта эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын экени айтылды. Талант Мамытов Кореяга таза экологиялык айыл чарба азыктарын сатуу маселесине токтолуп, анын ичинен бал жана кургатылган жемиштерди мисал кылды.

Муну менен катар маданий-гуманитардык алакалардын жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилеген төрага: "Биздин өлкөдө Кореянын заманбап кинематография жана музыка өндүрүшү кеңири жайылгандыгына байланыштуу корей тилине кызыккандар арбын, айрыкча жаштар көп. Азыркы тапта 350дөн ашуун кыргыз студенти Кореянын жогорку окуу жайларында билим алышууда", - деди. Ошондой эле Кыргыз студенттери үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады.

Андан сырткары, коронавирус илдетинин жайылышына каршы биргелешип күрөшүү маселеси тууралуу да сөз болуп, парламент төрагалары бул жаатта чогуу чаран кызматташуу зарылчылыгына токтолушту. Ал эми Талант Мамытов пандемия маалында Кыргыз өлкөсүнө көрсөткөн материалдык-техникалык жардамы үчүн Корея өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Төрага Пак Бён Сок жылуу кабыл алгандыгы үчүн Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсү менен Түштүк Корея элинин ортосунда окшоштуктар арбын экенине токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.04.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конечно, окшошпуз да )))
05.04.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суротко тушкондон башка жумуш кылышбайь экенда, мисалы биздин жарандарды ошол жака барып иштегенге шарт тузуп беришсе ото чон плюс болмок бизге
05.04.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жакта айлык акы 3000-4000долл тузот экен
05.04.2021. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эшектин тушоосунда чечпегендир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: