Бишкекте жана Чүйдө COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар даярдалууда

Билдирүүдө айтылгандай, 6-апрелден баштап COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптарды кабыл ала баштайт.
"Бишкек шаарында Улуттук госпиталда - 110 орун. Анын ичинен 10 орун интенсивдүү терапия алуу үчүн даярдалууда. Ал эми Чүй облустук бириктирилген ооруканада 55 орун, анын ичинен 5 палата интенсивдүү терапия үчүн коюлат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бир сутка ичинде COVID-19 илдетин 139 адам жуктуруп алса, алардын ичинен 123 бейтап борбор калаада катталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:19
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.