Өкмөт башчы: "Өзбекстан жана Казакстан миң тонна буудай үрөнүн жардамга берет"
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө миң тонна буудай үрөнүн берерин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына түз эфирге чыгып билдирди.
"Өзбекстан бизге жардам катары миң тонна буудай үрөнүн берип жатат. Жарымы бекер, жарымын биз бир топ убакыттан кийин кайтарып беребиз. 500 тонна пахта берет. Анын дагы жарымы жардам болсо жарымын кайра кайтарабыз. Ошондой эле он миң тонна көчөттөрдү бизге белек катары тартуулады. Ошондой эле Казакстан өлкөсү дагы 10 миң тонна ун гуманитардык жардам катары берди. Ал өлкөдөгү муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Ошондой эле миң тонна күздүк буудай үрөнүн берип жатат", - деди Марипов.
Буга чейин буудайдын үрөнү 85 пайызга, арпа үрөнү 89 пайызга, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100 пайызга камсыздалганын 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирген.



1 |