super.kg logo

Кызыл-Кыяда үгүт иштерин жүргүзүү учурунда жалган маалымат тараткан жаран аныкталды

 

Кызыл-Кыя шаарында үгүт иштерин жүргүзүүдө чагымчылдык кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Таштемир Ажы" борбордук базарында 11-апрелде референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштеринде жалган маалымат таратып, эл арасында бурмалоо иштерин жүргүзүп жүргөн жаран аныкталган. Бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Баткен облусунда шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуучулук боюнча 3 окуя катталган.

"Урматтуу Баткен облусунун тургундары! Сиздерден сураныч, ар бириңиздер мыйзам бузуучулукка жол бербесеңиздер. Үгүт иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү тургундарга туура маалымат беришиңиздерди суранабыз. Шайлоо алдында чагымчыл аракеттерге жол берилбейт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: