super.kg logo

"Бешинчи каналдагы" ызы-чуу: "Жок эле адамдар айлык алып жүрүшөт" дейт кызматкер

 
Буга чейин "Бешинчи каналдын" кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчысына кайрылуу жасашканы маалымдалган.
Кайрылууда маалымат каражат өкүлдөрү конституциялык укуктарынын бузулгандыгын, мындан улам алар акыйкаттык издеп, кайрылуу жазууга аргасыз болушканын жазышкан.
"Бешинчи каналдын" кызматкери Кутман Маматазимов эки штатта иштегенине карабай, айлыгынан кыйла кыскарганын айтып нааразы. Айтымында, "Бешинчи каналдын" азыркы жетекчиси Рахат Сулайманов сырттан кызматкерлерди алып келип, каналдын ичинде иштегендердин маяналарын себепсиз кыскарта баштаган.
"Менден 2 миң сом кесилет деп келип кол койдурушкан, бирок 5 миң сом кесилди. Эки ай айлык алган жопуз, анан көптөн күткөн маянабыз түшкөндө карасак, бизге айтылбай кесилгенин билдим. Эми дагы 2 миң сом кесилет, менин укугум тебелендиби?
Ошол эле учурда жумушка такыр келбеген, жок эле адамды штатка киргизип, алар айлык алып жүрүшөт. Өзүнө караштуу адамдарды алып келип алып, акча төлөнө турган долбоорлорду эфирден кетирип жатат, акчасын алар алат. Ушул адилетсиздикпи?", - дейт журналист.
Азырынча айтылган пикирлер боюнча каналдын жетекчиси Рахат Сулайманов жооп бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.04.2021. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УКМКда иштеп жүргөн Рахат Сулайманов
5- каналды жөн эле басып алам десе керек да
05.04.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналистиканын ысык суугун билген Рахат жон эле койсо болмок, озу да бул жолду басып откон го билет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: