super.kg logo

"Ушул "тоголок каттын" автору жалгыз бөлмөдө отурат". "Бешинчи каналдын" кызматкерлеринин билдирүүсүнө жетекчиликтин расмий жообу

 
Буга чейин "Бешинчи каналдын" кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчысына кайрылуу жасашканы маалымдалган.
Кайрылууда маалымат каражат өкүлдөрү конституциялык укуктарынын бузулгандыгын, мындан улам алар акыйкаттык издеп, кайрылуу жазууга аргасыз болушканын жазышкан.

Бул кайрылууга байланыштуу жетекчилик расмий жооптун тексттин жарыялады.

"Өлкө башчысы жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик органдарга, мамлекеттин үлүшү бар мекемелерге мамлекеттик каражатты үнөмдөө жана максаттуу пайдалануу боюнча бир катар талаптары, штаттык бирдиктерди кайра карап, оптимизациялоо боюнча тапшырмалар коюлган. Дал ушул мамлекеттик саясаттын негизинде мыйзамга ылайык “Бешинчи канал” ЖАКсы тарабынан оптимизациялоо иштери жүрүп жатат.

Мына ушундай кырдаалда эмгек жамаатты туруктуу айлык акы менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик мекемелердин чыгымдарын оптимизациялоо талаптарын эске алуу менен айлык акыларды кыскартуу демилгеси башталган. Бул жерде негизинен катардагы кызматкерлерден аз өлчөмдө, редактор, продюсер, жетекчиликтин айлык маяналары 40-50 пайызга чейин кыскарган (бул топ жалпы мамлекетте жүргүзүлүп жаткан оптимизациялоо саясатына каршы чыгып жаткандыгы анык). Бул боюнча жалпы эмгек жамааттын чогулушунда бир нече жолу айтылып, жалпы макулдук берилген.

Маяна боюнча кыскартуулар башталганда жалпы жыйын өткөзүлүп, каналдагы бардык жетекчилер өздөрүнө тиешелүү бөлүмдөргө так маалыматтарды айтып, жалпы коллектив менен макулдашышкан. Ал эми штаттык бирдик боюнча тактоо киргизсек, 81 штаттык бирдиктен 76 штаттык бирдик иштеп жатат жана эч кандай кошумча штат ачылган эмес.

Муну менен катар программалар боюнча ар бир дүйшөмбү сайын жетекчилер менен талкуу жүргүзүлүп турат жана ошол чогулуштарда бир дагы кайчы пикирлер айтылган эмес. “Иш бөлмөлөр” боюнча айтсак, дал ушул “тоголок каттын” автору жалгыз бөлмөдө отуруп, калган кызматкерлер 2-3 адамдан бир бөлмөдө отурары чындык. Эмгек жамааттагы “өз жана жат” деп бөлүнүү боюнча айтканда ТВдагы бир гана бөлүмдүн айрым кызматкерлери жаңы жетекчиликтин иш боюнча талап-суроосунун тегерегинде интрига уюштуруп, айрым таланттуу журналисттерди “өз короосуна тартуу” менен алек.


Белгилей кетсек, мындай маселелер коллектив ичинде талкууга алынып келген жана ич ара сыртка чыкпаш керек эле. “Бешинчи каналдын” айрым саналуу кызматкерлери жалпы жамааттын атын сатып, өз алдынча билдирүу тараткандарын жалпы эмгек коллективи айыптайт жана ал жердеги жазылган пикирлерди жалган жалаа деп эсептейт. Айрым адамдардын пикири жалпы жамааттын көз карашын чагылдырбайт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.04.2021. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озулорунун сериалындай болуптур го)))).. "Эфир" сериалы ушул 7 каналдан кордук беле жанылышпасам))))
05.04.2021. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа 5 канал турбайбы))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: