Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбековго карата үй камагына алуу чечими жокко чыгарылды
Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбековго карата үй камагына алуу чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Бүгүн, 5-апрелде Биринчи Май райондук соту 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында орун алган массалык баш аламандык иши боюнча Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбековго карата үй камагына алуу чечимин жокко чыгарды. Муну менен судья алардын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча айыптоочулардын өтүнүчүн четке какты. Учурда Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүп жатабыз", - деди Жолдубаева.
Эскерте кетсек, Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган. Кийинчерээк Сагымбав үй камагына чыгарылып, ал эми Ниязов 2 айга тергөө абагында калтырылган. Дал ушундай эле айып менен кармалган Султанбеков 14-октябрда үй камагына чыккандыгы кабарланган.
