Бала кезде таттууну көп колдонуу эс-тутумду начарлатат
Бала кезинде таттууларды ашыкча колдонуу эс-тутумду начарлатат. Бул тууралуу америкалык окумуштуулар "Translational Psychiatry" журналына билдиришкендигин дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, окумуштуулар экспериментти чычкандарга жасашкан. Анда чычкандарды эки топко бөлүп, биринчи топтогу жаңы туулган чычкандарга таттууларды байма-бай берип турушкан. Кийин ошол чычкандарга карата жүргүзүлгөн тест эс-тутумга жооп берген мээдеги гиппокампа функциясы бузулганын көрсөткөн. Окумуштуулардын айтымында, 4 жаштан 6 жашка чейинки балдар күнүнө 19 грамм гана таттуу колдонуусу керек. Ал эми 7 жаштан 10 жашка чейин 24 грамм, 11 жаштан жогору 30 грамм таттуу колдонуусу керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:17
2025-07-11

15:27
2025-07-11
10:56
2025-07-11
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.