super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитетинде Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулду

 

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, короновирус дарты жайылып жаткан шартта, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын өз өлкөсүнө кайтып келүүсүнө, аларды дарыланууга жайгаштыруу, тийиштүү дары-дармектер менен камсыз кылуу жаатында жакындан жардам көрсөттү. "Мисалы, 2020-жылдын февраль-сентябрь аралыгында 67 өлкөдөн 55 миӊден ашуун адам алып келинди", - деди ал.

Ошондой эле министрлик медициналык мекемелерди керектүү дары-дармектер жана атайын медициналык жабдуулар менен жабдуу, тышкы карыздарды кайра түзүмдөштүрүү боюнча да такай сүйлөшүүлөрдү ырааттуу жүргүзүп келатканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: