super.kg logo

Премьер-министр Кореянын улуттук ассамблеясынын спикери менен жолугушту

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Кореянын улуттук ассамблеясынын спикери Пак Бён Сок менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын ортосундагы соода тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү али ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Учурда биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү болгону 100 миллион долларды түзөт, бул колдогу толук мүмкүнчүлүктөрдү жана потенциалды камтыбайт. Биз үчүн эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн өстүрүү маанилүү", - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы Корея Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасындагы шайлоо процесстерин уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Корея Республикасы биздин өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү ишке ашырууда чоң салымын кошту. Атап айтканда, биз ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүдө кореялык технологияны пайдаланабыз. Кеп автоматтык эсептөөчү урналар тууралуу жүрүүдө. Ошондой эле биз Корея өкмөтүнүн COVID-19 каршы күрөшүү боюнча жетишкендиктерин жогору баалайбыз жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп белгиледи премьер-министр.

Өз кезегинде Пак Бён Сок кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Корея Республикасы Кыргыз Республикасын жаңы саясий реформалар үчүн ачык өлкө катары санайт. Биз үчүн силер ачык рынок экономикасына ээ болгон демократиялык мамлекет болгонуңар маанилүү. Мурда сиздер КМШ мамлекеттеринин арасынан Дүйнөлүк соода уюмунун жеңилдиктерин алган алгачкы мамлекет болгонсуздар. Ошондуктан биз мындан ары карай Кыргыз Республикасындагы демократиялык өнүгүү процессин колдоого умтулабыз", - деди Пак Бён Сок.

Улукбек Марипов белгилегендей, кыргыз тарап келечекте эки өлкө ортосундагы саясий пикир алышуунун улантылышына чоң маани берет жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: