Өкмөт 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттарды акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет

Өкмөт 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттарды акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин өкмөт Кыргыз жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) жоготуу учурунан тышкары, төмөнкү категориядагы жактарга акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда:
- толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жаштагы балдар;
- ата-энеси экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки жетим балдар (тоголок жетим);
- толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар;
- 70 жашка чыккан пенсионерлерге, анын ичинде толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган карыя жарандар;
- 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары.
Көрсөтүлгөн категориядагы жактар аталган жеңилдетилген тейлөөнү алуусу үчүн тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл.
