super.kg logo

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, референдумга карата милиция күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

 

5-апрелден баштап жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, референдумга байланыштуу ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзам бузуулар болсо ыкчам чара көрүү топтору менен биргеликте тез аранын ичинде чара көрүү талаптары аткарылат.

Буга чейин белгилүү болгондой, шайлоо жана референдум күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иш алып барышат. Шайлоо тилкелеринде 5 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштейт.

Мыйзам бузууларды алдын алып, чара көрүү үчүн 215 документтештирүү тобу түзүлдү. Ал топтордо 900дөн ашык кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле 380ден ашык унаа менен 1 миң 500дөн ашык кызматкер шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Алты миңден ашык элдик кошуун ички иштер органдарынын кызматкерлерине көмөк көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: