Бишкекте жылуулук берүү токтотулду
Бишкек ЖЭБи кезектеги жылытуу сезонун аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордук жылуулук борбору жылуулук механикалык жабдууну резервдик режимге өткөрүп, 2020-2021-жылдын күз-кыш жылытуу мөөнөтү аяктады.
"Бүгүн, 6-апрелде басымды төмөндөтүү процесси башталган жана жылуулукту берүүнү акырындык менен аяктоо башталды. Жылытуу мөөнөтү 179 күнгө созулду. Бирок Бишкектин эң ири өнөр жай объектиси муну менен өз ишин токтотуп койгон жок. Биздин ЖЭБ көптөгөн окшош ЖЭБдерден – өзүнүн жылуулук жана электрдик эки режими менен айырмаланат. Мындан сырткары, Бишкек ЖЭБи Кыргыз Республикасынын түндүгүндө электр энергиясын иштеп чыгуучу жалгыз ири булак болуп саналат. Кышкы жүктөмдүн максимумунда Бишкек жана Чүй облусун электр энергиясы менен толук камсыздап, ал суткасына 10-11 миллион кВт/саатка чейин иштеп чыгарат.
Бул болсо өлкөбүздөгү иштелип чыккан электр энергиясынын 1/10 бөлүгү. Эгер жылуулук берүү режими жылдын суук мезгилинде гана созулса, электр энергиясын иштеп чыгуунун электрдик режими тынымсыз жыл бою сакталат. Бишкек ЖЭБи – Электр станциялар компаниясынын филиалы. Станцияда күнү-түнү 1500дөн ашык адистер иштейт. 1961-жылдын 14-сентябрында биринчи турбоагрегат ишке киргизилген (бул жылы бизге 60 жыл толот!), белгиленген электрдик кубаттуулук – 812 миң киловатт, турбоагрегаттар боюнча жылуулуктуку – 1294,2 Гкал/саат", - деп билдирди мекемеден.
