super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

 

6-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

6-апрелден 9-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы (Чапчыма ашуусу), 200-215-чакырымы (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-110-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымы (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымы (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-чакырымы (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон – Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.04.2021. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу көбөйүп Токтогул ГЭСине суу толуп калса экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: