super.kg logo

Чет өлкөдө эмгектенген мигранттар патенттин негизинде иштей алышат

 

Чет өлкөдө эмгектенген мигранттарга салык салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында өкмөттүн "Ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары өсүмдүктөрдү өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү үчүн жалдаган, чет өлкөдө жекече эмгектенген мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат. Мында, чет жакта эмгектенип жүргөн мигранттары өлкө аймагында патенттин негизинде визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү ичинде Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке эмгек ишин жүргүзө алат. Алардан бул учурда эмгек визасын алуу талап кылынбайт. Мындан тышкары, ыктыярдуу патенттин негизиндеги иштин түрлөрүнүн тизмесине курьердик иш кызмат көрсөтүүсү киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: