Өкмөт: "1-апрелден тарта кагаз түрүндөгү маалымкаттарды же документтерди суроо процедурасы жоюлду"
1-апрелден тарта физикалык жана юридикалык жактардан кагаз түрүндөгү маалымкаттарды же документтерди суроо процедурасы жоюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Документке ылайык, төмөнкүлөрдү камсыздоо тапшырылды.
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда сервистердин иштөөсүн жана маалымат алмашуусун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары, талап кылынган жерге кайрылган учурда, маалым каттарды жана/же документтерди кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берилүүсү;
- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар менен иштөөнүн укуктук негиздери болгон бөлүктөрдө "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" мыйзамдын сакталышын камсыздоо.
Төмөндө шилтеме боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилчү маалым каттардын жана документтердин тизими сунушталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.