Мелис Сатыбеков энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды
Мелис Сатыбеков энергетика жана өнөр жай министринин орун басары статусунда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.
40 жаштагы Мелис Сатыбеков буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикте башкы адис, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетте бөлүм башчы кызматын аркалап келген.
Иш тажрыйбасы:
2004-2007-жылдары - "Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы, өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинде геолог;
2007-2008-жылдары - Жерди прикладдык изилдөө Борбордук Азия институтунун аймактык геология инженери;
2008-2011-жылдары "Коба" ЖЧКсында жетектөөчү геолог;
2011-2021-жылдары Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкы адис, бөлүм башчы.
