Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болуп өттү
Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кеңешменин жүрүшүндө белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралардын планы сунушталды.
"Жусуп Абдрахманов – заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө олуттуу салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер. Анын өмүр жолу Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге үлгү болууга тийиш", - деди Улукбек Марипов.
Ошондой эле премьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин белгиледи.
Кеңешмеде уюштуруу комитетинин өкүлдөрү белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чараларды, анын катарында Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий конференция өткөрүү, анын ысымын Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясына ыйгаруу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгаруу маселесин талкуулады, ошондой эле Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКО материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОнун "Дүйнө эстелиги" программасынын консультативдик комитетине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу киргизилди.
Белгиленгендей, президенттин "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 19-мартында уюштуруу комитети түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери кирген.
Жыйынтыгында киргизилген сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
