super.kg logo

Орусия Украинадагы кырдаал боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрү жөнүндө айтты

 

Орусиянын жана АКШнын өкүлдөрү Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Рябковдун айтымында, Орусия тарап Донбасста болуп жаткан окуялар боюнча ар тараптуу түшүндүрмөлөрдү берген.

Буга чейин АКШ Украинадагы кырдаал боюнча Орусия менен байланышууга даяр экендигин билдирген. Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, АКШ "Украинанын чыгышындагы Орусиянын агрессиясынын күчөп кетишине" тынчсызданууда, анын ичинде Украинанын жана Крымдын чек арасындагы орус аскерлеринин кыймылы жөнүндө кабарлар бар.

2-апрелде Киев Москваны Донбасста аскердик күчтөрүн куруп жатат деп айыптаган. Украинанын коргоо министрлиги Орусия чек арага кадимки армиянын бөлүктөрүн топтоду жана өзүн-өзү жарыялаган Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын элдик полиция бөлүктөрүнүн даярдыгын күчөттү деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: