"Маанайы суз, күн нурун көксөгөн гүлдөр". Бишкек шаарында жоогазындар гүлдөп баштады (фоторепортаж)









Жаркыраган жаздын экинчи айы башталганына дагы бир нече күн болуп калды. Ал эми жазды түркүн-түстүү гүлдөрсүз элестетүү мүмкүн эмес. Жадыраган жаз ары сулуу, ары кооз гүлдөрдүн ачылуусу менен башталат эмеспи. Эмнегедир быйыл борбор калаабыз Бишкек шаарында жоогазындар бирин-серин гүл ачканы гана болбосо, толук гүлдөй элек.
Өткөн жылы, тагыраагы 2020-жылы Бишкекте алгачкы жоогазын 1-апрелде гүлдөп, көркүнө чыгып турган учуру болчу. Ал эми 2019-жылы 29-мартта шаар көркүнө көрк кошо турган жоогазын гүлү гүлдөп баштаганы маалымдалган.
Буга чейин гүлдүн уруктарын башка өлкөлөрдөн алып келингенин, быйыл пандемияга байланыштуу Бишкек шаарына отургузулган жоогазын гүлдөрү Кыргыз өлкөсүнө таандык экендигин "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
"Быйыл жоогазын гүлдөрүн пандемия болгондуктан, чет өлкөдөн гүлдүн уруктарын алып келе алган жокпуз. Ошондуктан ата мекендик гүлдөрдү отургуздук. Гүлдөр борбор калаанын төрт районуна тең күзүндө отургузулган. Быйыл жаз суук болуп жаткандыктан, бир аз кеч ачылып жатат. Бул жоогазындар дагы өсөт. Болжолдуу май айынын ортосуна чейин ачылат. Гүлдөр ачылып бүткөн соң ордуна бир жылдык гүлдөр отургузулат. Азыркы учурда бир жылдык гүлдөрдү күнөсканада өстүрүп жатабыз", - деп билдиришти Бишкек шаардык мэриясына караштуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан.
Бишкек шаардык мэриясынан билдиргендей, жоогазындар гүлдөп бүткөн соң ордуна 1 миллион 500 миң даана бир жылдык гүл отургузулат.
Жоогазындын мекени аталган Голландияда бул гүлгө байланышкан кызыктар көп. Жоогазын алгач Түркиядан алынып барылганына карабай, ушул күнгө чейин үлбүрөгөн чөйчөктөй кооз гүлдүн мекени Голландия аталып келет. Түрктөр убагында бул гүлгө маани бербегендиктен, жоогазын гүлүнүн мекени аталуудан кол жууп калышкан. Ошентсе да жоогазындын "тюльпан" деген аталыш менен дүйнөгө таанылуусуна түрктөр себепкер. "Тюльпан" сөзү түрктөрдүн кездемеден чалып оролгон "түрбан" аттуу баш кийиминен келип чыккан. Түрбандын да формасы жоогазындын ачыла элек желекчелерине окшоп, биринин үстүнө бири катталып турат.
Жоогазындын тамыры кадимки пияз сыяктуу тоголок келет. Учурда жоогазындын дүйнө жүзү боюнча 1800дөй түрү бар. Гүлдү өстүрүүнү каалагандар сабагынан эмес, түбүнөн алып келип өстүрүшү керек.



1 |