Асанкан Жумакматовдун 90 жылдык мааракесине карата эскерүү митинги өттү
Бишкектеги "Ала-Арча" мемориалдык комплексинде бүгүн, 16-октябрда СССРдин Эл артисти, композитор Асанкан Жумакматовдун 90 жылдык мааракесине карата эскерүү митинги болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага аталган министрликтин жетекчилери, коомдук ишкерлер жана Жумакматовдун жакын туугандары катышты. Ал эми 25-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда композитордун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.