super.kg logo

Хабиб Нурмагомедовго жылдын мыкты машыктыруучусу наамы берилери божомолдонууда

 

Бразилиялык аралаш стилдеги мушкер (ММА) Кристин Жустину орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен түшкөн сүрөтүн жарыялап Нурмагомедовго 2021-жылдын мыкты машыктыруучусу наамы берилерин божомолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, спортчулар Bellator 225 турниринин көшөгөсү артында жолугушуп калышкан. Ал жакка 32 жаштагы Хабиб Майк Хэмелди жеңип алган аталаш тууганы Усман Нурмагомедовду колдоп барган.

Буга чейин UFC спорттук уюму орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду бардык рейтингдеринен четтеткени маалым болгон. Ошондой эле спортчу карьерасын токтотуу чечимин кабыл алуу ага кыйын болгонун моюнга алды, бирок ал муну энеси үчүн жасаганын айткан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: