super.kg logo

Чечме чырын эки тарап талкуулады

 

Кечээ, 5-апрелде Баткендин Кадамжай районундагы Чечме булагында кайрадан чыр чыкканын окурман маалымдаган.

Бүгүн, 6-апрелде кечээги Чечмеде орун алган окуяны Баткен облусунун Кадамжай районунун акими менен коңшу мамлекеттеги Сох районунун акими талкуулады. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Абдуманап Жакбаров SUPER.KG порталына маалымдап, андагы кээ бир жагдайларга токтолду.

Жакбаровдун айтымында, сүйлөшүүдө алар эки тарап коңшу эл экенин айтышып, мындай чырга алдыда жол берилбеши керек экенин белгилешкен.

"Сох районунун башчысы менен бул маселе боюнча жолуктум. Кечээ ал жакка коңшу тараптын чек ара кызматкерлери чыккан. Алар тосмонун жанындагы жол боюнда жашашат. Мурун ошол тосмо жак мүрзө болгон.

Кыргыз тарап ал жакка дарак тигебиз дешкенде, алар чечилбеген жер деп каршы болушкан. Анан ал чырга айыл өкмөт, чек ара кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, топтолгондор тарап кетишкен. Буга байланыштуу бүгүн мен Сох районунун акими менен сүйлөшүп, мындай окуя кайталанбоосун эскерттим.

Ал жерде коңшу эл экенибиз, бири-бирибизге туура мамиле кылуу маанилүү экени айтылды", - деди Жакбаров.

30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Анда Ташиев Кадамжайдагы Кыргыз-Өзбек чек арасындагы Чечме булагы тууралуу да айтып, булак тууралуу чечим азырынча толук кабыл алына электигин белгилеген.

Чечме булагынын тегерегиндеги чыр биринчи чыр эмес. Эки өлкөнүн жарандары аталган аймакта коңшу жашагандыктан ар дайым ызы-чуулар болуп келет.

Эске салсак, 2020-жылдын 31-май күнү Чечме айылындагы булакты талашып, Кыргыз жарандары менен Өзбек жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Буга чейин SUPER.KG порталы Чечме айылынын тургуну, жарандык активист Каныбек Парманов менен маектешкен. Ал өзүнүн маегинде "Булактын бизге таандык экенин далилдеген документ бар экенине карабай, бийлик алсыздык кылып жатат" деген пикирин билдирген. Пармановдун маегин толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: