super.kg logo

АКШлык миллиардер Илон Маск бир сутканын ичинде эле 6 миллиард долларга байып кетти

 

АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск соңку бир сутканын ичинде 6 миллиард долларга байыды. Бул тууралуу Forbes Time рейтингине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, анын электромобиль чыгарган компаниясынын акцияларынын наркы өскөнүнө байланыштуу киреше булагы көбөйгөн.

"Муну менен Масктын байлыгы 169 миллиард 800 миллион долларды түздү. Ал Forbes рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен экинчи орунга ээлик кылат. Учурда биринчи сапта Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 188 миллиард 600 миллион доллар капиталы менен турат. Tesla Маскка көбүрөөк байлык чогулткан компания, себеби ал жакта анын 21 пайыздык акциясы бар. Дүйшөмбү күнү компаниянын акциялары кымбаттап, алдын ала сатууда 8 пайызга чейин өскөн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.04.2021. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эми ошол ээлик кылган компаниянын биржадагы акциянын баасы көтөрүлсө эле байлыгы көбөйөт. Кайра кандайдыр бир себеп менен баасы түшсө кайра 1 суткада эле 6млрд$ жоготот. Булар андайга көңүл бурбайт. Биз, жөнөкөй адамдар үчүн кызыктуу, байып атат, акча жоготуп атат деп. Чынында алардын максаты акча табуу эмес. Идеянын артынан жүргөн жана ишке ашыра ала турган адамдар алар.
07.04.2021. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боп кетиптир да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: