super.kg logo

Калаадагы айдоочулардын эсине. Бишкектеги 21 көчөнүн оңдоо иштерине байланыштуу айрым жолдор жабылды

 

Бишкек шаарынын 21 көчөсүндө жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу айрым жолдор жабык. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө шаардын аймагында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан шаардын 21 көчөсүнүн оңдоого тийиштүү бөлүктөрү жабылып, жол-курулуш техникалары тартылып, жолдор кеңейтилип, асфальттар төшөлүүдө.

"Ошол себептүү унаа жүрүүчү жолдордо жол тыгындары пайда болуп жаткандыгын белгилейбиз. Андыктан шаар тургундарына жана айдоочуларга жолго чыгуу учурунда алдын ала пландоо менен альтернативдик жолдор менен чыгууну сунуштайбыз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Учурда төмөнкү көчөлөр жабык:

1) Айбийке көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн тартып Эркин-Тоо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

2) Огонбаев көчөсүнүн Осмонкулов көчөсүнөн тартып Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

3) Фере көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

4) Стадионная көчөсүнүн Магистраль көчөсүнөн тартып Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

5) Буденный көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн тартып Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;

6) Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тартып Каралаев көчөсүнө чейинки болүгү;

7) Бакаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн тартып Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

8) Ажыбек баатыр көчөсүнүн Манас көчөсүнөн тартып Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

9) Ташкент көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн тартып Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралык;

10) Сухэ Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн тартып 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;

11) Көкчетавский көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн тартып Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

12) Каркыра көчөсүнүн Өмүракунов көчөсүнөн тартып Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу);

13) Новая көчөсүнүн Ленская көчөсүнөн тартып Жеңиш жаңы конушуна чейинки бөлүгү;

14) Түгөлбай Ата көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн тартып Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

15) Култегин көчөсүнүн Гидростроитель көчөсүнөн тартып Энесай-20 көчөсүнө чейинки бөлүгү;

16) Дордой-2 көчөсүнүн Объезднойдон тартып №4 көчөсүнө чейинки бөлүгү;

17) Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн тартып Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;

18) Карасаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн тартып Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү;








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.04.2021. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пудовкин кочосун ондобойсунарбы, башка каяктагы кочолорду ордуна?? Анан баардык кочолорду жаап салып бир кочодон иш баштайсынар, ушуну иш баштаардын алдынан жапсанар болбойбу??
07.04.2021. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Картадан да коргозуп койсонор соонун болмок да
07.04.2021. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда кааласа деп быйыл күзгө чейин жабык болот экен да бул көчөлөр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: