super.kg logo

Бишкек шаарынын майрамына арналган Бакай Банк Жаз Деми аталышындагы массалык чуркоо бардык сүйүүчүлөрдүн башын бириктирди

 

4-апрелде жыл сайын өтүүчү Бакай Банк Жаз Деми жарым марафону өттү. Маараке 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылган болчу.

Өткөн күнү: 4-апрель.

Жери: Бишкек шаары, Аэропорт трассасы. Старт жана финиш "Аска-Таш" мемориалдык комплексинин жанында.

Масштабдуу иш-чаранын максаты спортту жайылтуу жана аны ар бир адамга жеткиликтүү кылуу.

2500 катышуучу 5, 10 жана 21,1 чакырым болгон 3 дистанцияда чуркады. Ошондой эле Nurzaman Kid Run жарышынын алкагында 300 бала 100, 200 жана 500 метр болгон дистанцияда күч сынашты.

Салтка айланган Bakai Bank Jaz Demi жарым марафонуна каттоо 2 апта мурун токтотулган. Казакстан, Өзбекстан, Орусия. Италия, АКШ, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор да болду.

Бул жылы компаниялар тараптан чоң кызыгуулар байкалды. Спорттук иш-чарага катышуу корпоративдик маданияттын бир бөлүгүнө айланып бара жатат. Атайын каржы сектору үчүн 5 чакырымдык дистанция түзүлүп, ар бир банктын кызматкерлери 5 чакырым чуркап, өзүнүн жыйынтыктарын башка кесиптештери менен салыштырууга мүмкүнчүлүк алды.

Абдан чоң аракет пандемия шартында коопсуз иш-чара уюштурууга жумшалды: Бет каптар сатып алынып, старттык шаарчанын ичинде бекер таратылды, санитайзерлер коюлган атайын текчелер уюштурулду, бөтөлкөлөнгөн суулар таратылып, медалдар колго берилди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.04.2021. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кокуй тиги калпак кийген киши,тим эле койбоптур да шорта кийип. Арыктыгы да өлүп кетсин,буттун тырыштары жаман көрүнөт турбайбы...
07.04.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакай банк дегенде эле гейлерди элестете турган болдум. Окусам жакшы башка нерсе экен. Мага да ошол улуу калпакчан киши башкача корунду.
07.04.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакай Банкка беш деген баа. Спорт, билим, маданият, көркөм өнөр тармагында да коп жарыштарды уюштурса жакшы болмок. Спорт бардык жаман адаттардан арылууга жардам берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: