Сириядагы Түркиянын аскердик базасынын жанында жардыруу болду
Сириянын түндүк-чыгышындагы Эль-Хасаке провинциясындагы Түркиянын аскердик базасынын аймагында жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Орусиянын "РИА Новости" агенттигинин маалыматына караганда, жарылуудан 12 аскер кызматкери каза болду. Ал эми сириялык "Аль-Ватан" гезити Рас-аль-Эйн шаарынын жанында мина жарылып, бир канча түрк аскерлери каза болгонун жазып чыккан.
Түркия менен чектешкен Сириянын райондорунда ушул сыяктуу жардыруулар карама-каршылыктардан улам байма-бай болуп турат. Алеппо, Эль-Хасаке, Ракка жана Дейр-эз-Зор провинцияларынын аймактарын күрттөр ээлеп алышкан. Сириянын өкмөтү аларды сүйлөшүүгө чакырып, маселени чечүүнү сунуштаганы менен күрттөр андан баш тартып келишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:17
2025-07-11

15:27
2025-07-11
10:56
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.